Кыргызстан курамасы Сингапурдун футболчуларын жеңди

Кыргызстан курамасы Сингапурдун футболчуларын жеңди. Шарджа шаарында өткөн достук беттеш 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Кыргызстан биринчи мүнөттө эсепти ачты.

 

Айзар Акматов Фархат Мусабеков өткөрүп берген топту башы менен дарбазага киргизди. Оюндун тогузунчу мүнөтүндө кыргызстандык Эрнис Батырканов экинчи гол менен өзгөчөлөнүп, курамага жеңиш алып келди.