Тарыхта биринчи жолу 2022-жылы футбол боюнча дүйнө чемпионаты кышында өтөт. ФИФА билдиргендей, биринчиликтин ачылыш аземи жана алгачкы оюн 21-ноябрда Катардын Эль-Гаур шаарында болот.
Тайпалык баскычтагы оюндар 2-декабрга чейин созулуп, эртеси эле жарым чейрек финалдык баскычтагы оюндар башталат. Чейрек финал 9-10-декабрда, ал эми жарым финалдык оюндар 13-14-декабрга белгиленди. Дүйнө чемпионатынын эң башкы оюну 18-декабрда Лусаил шаарында өтөт.