Европа Лигасы 2-августта жанданышы мүмкүн

Европа Лигасы 2-августта жанданышы мүмкүн. Бул тууралуу Football Italia маалымдайт. Маалыматка ылайык, экинчи ири европалык турнир улуттук беттештер соңуна чыккандан кийин старт алат.

 

2-3-августта жарым чейрек финалындагы калган оюндар өткөрүлөт. Ал эми финалдык беттеш 27-августка алдын ала белгиленди. Ал буга чейин эле пландалган Польшанын Гданьск шаарында өтөт.