Кыргызстан Украинадагы жарандарын эвакуациялоо маселесин чечти

Кыргызстан Украинадагы жарандарын эвакуациялоо маселесин чечти. Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, мекендештер Будапешт — Стамбул — Бишкек багыты боюнча учкан самолет менен келе алышат. Ал үчүн кыргызстандыктар аталган мамлекетке мыйзамдуу жол менен барган болушу керек жана жанында тиешелүү документтери болушу шарт.

 

Ошондой эле, Венгрия аркылуу Кыргызстанга чыгып кетүү үчүн авиабилеттерди алышы зарыл. Чек арадан өткөндөн кийин аларды Будапешттеги кыргыз элчилигинин өкүлдөрү аэропортко чейин коштоп барат.

 

Расмий маалыматка ылайык, Украинада 1300дөн ашык кыргызстандык бар. Соңку кырдаалдан улам элчиликке 300дөй адам мекенине кайтууга жардам сурап кайрылган. Эске салсак, Россиянын Украинага чабуулу 24-февралдын таңынан бери уланууда.