Курман айттын болжолдуу күнү белгилүү болду

Кыргызстанда быйыл Курман айт болжол менен 9 же 10-июлда белгиленет.

Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул Курман айттын болжолдуу күнү, тагыраагы бир нече күн калганда белгиленет.

Курман айт мусулмандардын башкы майрамдарынын бири.

Ал күнү өлкөдө эс алуу жарыяланат.