Египеттин бийлиги акуланын кол салуусунан кийин Кызыл деңиздин жээгиндеги бир канча пляжды жапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Маалыматка ылайык, Кызыл деңиз провинциясынын губернатору Амр Ханафи акуланын кол салуусунан 2 адам курман болгондон кийин бир канча пляжды жабуу чечимин чыгарган.
Белгилүү болгондой, буга чейин Хургада курорттук шаарында 2 аял акуланын кол салуусунан каза болгон. Анда акула эс алуучулардын көз алдында аялдын колун жана бутун тиштеп алган. Андан көп өтпөй дагы бир аял акуланын жеми болгону кабарланган.