UFC уюмунун эң мыкты он мушкери аныкталды

Америкалык ESPN спорттук басылмасы UFC уюмунун эң мыкты он спортчусун аныктады. Ага ылайык, сентябрь айынан бери беттештерге катыша элек орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов биринчи орунга жайгашты.

Экинчи орунга америкалык мушкер Жон Жонс жайгашса, 10-майда өткөн UFC 249 турниринде америкалык мушкер Доминик Крустун үстүнөн жеңишке жеткен Генри Сехудо үчүнчү орунга жайгашты.

UFC уюмунун эң мыкты 10 мушкери:

1. Хабиб Нурмагомедов (Орусия);

2. Жон Жонс (АКШ);

3. Генри Сехудо (АКШ);

4. Стипе Миочич (АКШ);

5. Дэниель Корьме (АКШ);

6. Исраэль Адесанья (Нигерия);

7. Камару Усман (АКШ);

8. Дмитрий Жонсон (АКШ);

9. Александр Волкановски (Австралия);

10. Жастин Гейтжи (АКШ).

Ал эми аялдар арасында рейтингде мурдагыдай эле биринчи орунга бразилиялык Аманда Нунис, андан соң Кыргыз өлкөсүнүн мушкери Валентина Шевченко экинчи орунга жана бразилиялык Крис Киборг жайгашты.