Кыргызстан аймагына киргендерди каттоо боюнча электрондук база түзүлөт

Кыргызстан аймагына киргендерди каттоо боюнча электрондук база түзүлөт.

 

Министрлер кабинетинин маалыматына ылайык, бул башка мамлекеттерде жайылып жаткан коронавирустун “омикрон” штаммын өлкө аймагына киргизбөө үчүн кабыл алынган чаралардын бири.

 

Андан тышкары, Саламаттыкты сактоо министрлигине өлкөгө киргендер үчүн ПЦР-тесттин жарактуу мөөнөтүн 72 сааттан 48 саатка чейин кыскартуу суроосун карап чыгуу тапшырмасы берилди.