Күтүлүп жаткан ысык аба-ырайына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн

Кыргызстанда күтүлүп жаткан ысык аба-ырайына байланыштуу дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, куткаруучулар учурда Сузак районунун Көк-Арт дарыясы, Кара-Кулжа жана Өзгөн райондорунун Кара-Дарыясы жана Базар-Коргон районунун Кара-Үңкүр дарыясындагы көйгөйлүү аймактарга көңүл бурушууда.

Буга чейин маалымдалгандай, 27-июндан 30-июнга чейин Кыргызстанда 40 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.