Кыргызстандын бир катар тоолуу каттамдарында туристтер үчүн атайын белгилер орнотулду

Кыргызстандын бир катар тоолуу каттамдарында туристтер үчүн атайын белгилер орнотулду.

 

Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунун маалыматына ылайык, көрсөтүүчү белгилер камтыган такталар Жомок, Аксай, Конорчок каньондорунда жана Барскоон шаркыратмасына, Комсомолец чокусуна барчу жолдордо пайда болду.

 

Аларда ошондой эле табиятка аяр мамиле жасоо чакырыгы, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруу кызматынын номерлери жазылган.