Бишкектеги Шаардык балдар клиникалык ооруканасынын аймагында жаңы корпус курулуп жатат. Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, имаратта 212 орун түзүлүп, 8 операциялык блок жана башка бир нече бөлүм жайгашат.
Объект колдонууга 2025-жылы берилет деп пландалууда. Курулушка каражат Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнгөн.