Кыргызстан өзбекстандыктар арасында популярдуу туристтик багыттар рейтингинде биринчи орунга чыкты. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн статистика боюнча мамлекеттик комитети маалымдайт.
Ага ылайык, ушул жылдын январь айынан октябрга чейин чет мамлекеттерге Өзбекстандын 4 миллион жараны эс алуга жетишти. Анын ичинен дээрлик 2 миллиону өргүүсүн Кыргызстанда өткөрдү. Экинчи орунда Казакстан турат, бул өлкөдө 780 миң өзбекстандык эс алган.