Кыргызстандын футбол боюнча курамасы Азия Кубогунун алдында жыйынтыктоочу беттешин өткөрдү. Кечээ Катарда ак шумкарлар Вьетнам курамасы менен ойноду.
Жолугушуу биздин футболчулардын пайдасына 2:1 эсебинде жыйынтыкталды. Эске салсак, Азия Кубогу 12-январда старт алат. Кыргызстан F тайпасында Тайланд, Сауд Арабия жана Оман менен ойнойт.
Биринчи беттеш 16-январда Тайландка каршы өтөт.