Криштиану Роналду Инстаграмдагы бир пост үчүн 1 миллион 350 миң евро алат

Криштиану Роналду Инстаграмдагы бир пост үчүн 1 миллион 350 миң евро алат. Бул тууралуу BBC маалымдайт. Футболчунун аккаунтуна 308 миллион адам катталуу.

 

“Эң кымбат инстаграм” тизмесине ошондой эле “Барселонанын” форварды жана Аргентина курамасынын капитаны Лионель Месси дагы кирет. Ал бир публикация үчүн 930 миң евро алат.

 

Буга чейин белгилүү болгондой, Роналду социалдык тармактардагы жалпы катталуучулар боюнча рекорд койду. Анын Facebook, Instagram жана Twitter баракчаларына жалпысынан 500 миллион адам катталган.