21-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 465 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматынан кабарлашты.
«Бүгүн, 21-декабрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 миллиард 493 миллион метр кубду түздү. Суунун орточо күндүк агып кириши секундасына 182 метр куб, агып чыгышы 502 метр кубду түзүүдө», — деп билдиришти мекемеден.
Былтыр, 2020-жылдын 20-декабрында Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 777 миллион метр кубду түзгөн.