Токтогул суу сактагычында нымдуулуктун көлөмү 12 миллиард кубдан ашык топтолду.
Бул өткөн жылга салыштырмалуу 1 миллиард 200 миллион кубка көп. “Электр станциялары” ишканасынын маалыматына ылайык, өлкөнүн башкы резервуарына суткасына орточо эсеп менен 997 кубометр суу келип жатса, агып чыгуу – 422 кубка барабар.
Эске салсак, өлкөдө суунун аз келүү мезгили уланууда. Андыктан, адистер электр энергиясын үнөмдүү колдонууга чакырат.