Кыргызстандын күрөш боюнча кыз-келиндер курамасы Бишкекке келди

Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командасы Сербиядагы дүйнө чемпионатынан Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти кабарлады.

 

Белгилей кетсек, Белградда өткөн дүйнө биринчилигине белгилүү балбандар Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы жана Мээрим Жуманазарова катышып, бул ирет медаль алышкан эмес. Бирок бийлик жана күйөрмандары аларга колдоо көрсөтүп, жылуу тосуп алышты.
Учурдагы кырдаалдан улам концерттик программа жана маалымат жыйын өткөрүлгөн эмес.