Тышкы иштер министрлиги Алматыда кулаган самолетто
кыргызстандыктар бар-жогун тактап жатат. Бул тууралуу
ведомствонун маалымат кызматы novosti.kg ге билдирди.
Учурда башкы консулдуктун кызматкерлери кырдаалды көзөмөлдөп жатышат.
Эске салсак, Бек-Эйр авиакомпаниясынын лайнери бүгүн эртең менен кулады.
Учак Алма-Ата аэропортунан учуп чыгып, 2 кабаттуу курулушту сүзүп,
бийиктикти жоготту. Ал эми бортто 98 адам болгон. Алардын ичинен
93 жүргүнчүлөр жана 5 экипаж мүчөлөрү. Кырсыктан каза тапкандардын саны 14кө жетти.
Учурда кырсык катталган жерде өзгөчө кырдаал кызматкерлери иштеп жатышат.