Боом капчыгайында жол убактылуу жабылат

Боом капчыгайында жол убактылуу жабылат. «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, Бишкек — Нарын — Торугарт трассасынын 129-чакырымында таштарды атайлап түшүрүү  иштери аткарылат.

 

Буга байланыштуу 10-14-октябрь аралыгында трасса эртең мененки саат 9 дан 3кө чейин жабылып турат. Жолду таштардан тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен коё берилет.