Криштиану Роналду Европа чемпионаттарынын тарыхындагы мыкты бомбардир аталды

Криштиану Роналду Европа чемпионаттарынын тарыхындагы мыкты бомбардир аталды. Кечээ өткөн Португалия-Венгрия беттешинде футболчу дагы 2 гол киргизип, өзүнүн көрсөткүчүн 11 топко чейин жеткирди. Муну менен ал буга чейинки рекордчу Мишель Платинини артта калтырды.

 

Андан тышкары, Роналду катары менен    5 Европа чемпионатына катышкан жалгыз футболчу.

 

Эске салсак, Португалия-Венгрия беттеши 3:0 эсеби менен жыйынтыкталды. Топтогу башка оюнда Франция Германияны 1:0 менен утуп алды.