Кыргызстанда март айынан бери коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин төртөө гана 200 миң сом компенсация алды

Кыргызстанда март айынан бери коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин төртөө гана

200 миң сом компенсация алды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Каржы

башкармалыгынын жетекчиси Муктарбек Баймурзаев билдирди. Анын айтымында, вирус жуктурган

40 медицина кызматкери компенсация сурап арыз жазган. Алардын документтери туура

толтурулбагандаыктан  кайра артка кайтарылган. Ал эми коронавирустан каза болгон эки адистин

үй-бүлөсүнө 1 миллион сомдон кошумча каражат төлөнгөн. Мындан тышкары комиссия дагы башка

учурларды карап жатат. Белгилей кетсек, 3-августка карата өлкөдө COVID-19 менен күрөшүп

жүргөн 2 миң 829 медицина кызматкери вируска кабылды. Анын ичинен 1 миң 853ү айгып чыкты.