Алматы менен Ысык-Көл жээгинин ортосундагы легендарлуу тоо маршруту кайрадан туристтер үчүн ачылат

Алматы менен Ысык-Көл жээгинин ортосундагы легендарлуу тоо маршруту кайрадан туристтер үчүн ачылат. Бул тууралуу Туризмди өнүктүрүү фондунан билдиришти. Көптөн бери жабык турган каттамды Сары-Булак аркылуу ашып өтүү пландалууда.

 

Тоо жолу менен биринчилерден болуп эки өлкөнүн чиновниктеринен, ишкерлерден, депутаттардан, коомдук ишмерлерден турган топ өтөт. Саякатчылар трассалардын абалы жана мүмкүн болгон табигый коркунучтар тууралуу маалыматты жаңыртышат.

 

Ошондой эле чек арадан өтүү тартибин иштеп чыгат.