Кыргызстандан медициналык препараттарды чыгарууга тыюу салынат

Кыргызстандан медициналык препараттарды чыгарууга тыюу салынат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек менен камсыздоо департаментинен эске салышкандай, бул тыюу үстүбуздөгү жылдын март айында эле киргизилген.

 

Бирок медицина препараттарын мыйзамсыз чыгаруу боюнча билдирүүлөр ушул убакка чейин түшүп турат. Департаменттен эске салышкандай, дарылардын экспортуна кылдат көз салынып, бардык аракеттер үчүн жоопкерчиликке тартуу каралат.