Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынан күмүш медаль утту

Акжол Махмудов Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынан күмүш медаль утту.

 

Ал 77 килограммга чейинки салмак категориясында япониялык Нао Кусаки менен финалдык бөлүктө алтын үчүн кармашып, 4:2 эсебинде жеңилип калды.

 

Финалга чейинки кармаштарда Махмудов казакстандык каршылашын 3:3, ирандык балбанды 12:2 эсеби менен жеңген.