Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилет


Кыргызстанга өзгөчө кырдаал киргизилет.

Сунушту Мамлекеттик коопсуздук кеңеши премьер-министрге жиберди.

Бул тууралуу президент аппаратынын саясаттык маалымат бөлүмүнөн билдиришти.

Ага ылайык, Өлкө боюнча өзгөчө кырдаал режими 22-марттан 22-апрелге чейин деп белгиленди.

Буга карата өкмөт Коопсуздук кеңеш тарабынан тапшырылган сунушка тез аранын ичинде

чечим чыгарышы керек. Белгилеп кетсек, иштер коронавирустун алдын алуу максатында жүрүп жатат.

Учурда өлкө боюнча 12 адам вируска кабылды.