Өзгөчө кырдаалдын жол-жобосу.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдиргендей,
өзгөчө кырдаал менен өзгөчө абалды алмаштырбоо кажет.
Өзгөчө кырдаалда атайын эпидемиялык иш-чаралар жүргүзүлөт.
Бирок жарандардын жүрүм-туруму, кыймылына чектөөлөр өзгөчө абалга
караганда жеңил болот. Экономикалык иш-чаралар жана башка
маселелер күнүмдүк турмушта улантыла берет. Ал эми жарандарга
зарылдыгы жок бир жакка чыгууга же болбосо эл көп чогулган жерге
барууга тыюу салынат. Кошумчаласак, Кыргызстандын 3 облусунда
регионалдык өзгөчө кырдаал жарыяланды.