Кыскарган кызматкерлерге кенемте төлөнүп берилет

Министрлер кабинети тууралуу мыйзам ишке киргенден кийин өкмөттө иштеген кызматкерлер 30% кыскарат. Кыскартууга туш болгон кызматкерлерге тиешелүү компенсация төлөнүп берилет. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров бүгүн, 6-октябрда Жогорку Кеңеште депутат Айнура Осмонованын суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Эмгек кодекси боюнча кенемте төлөнөт. Буга каражат бар. Эми өкмөттүк аппаратка чейин көтөрүлгөн кызматкерлер ишсиз калбайт деп ойлойм. Ал эми иш таба албагандар арга жок, жумушсуздук боюнча жөлөк пул алышат».

Акылбек Жапаровдун маалыматына караганда, ушул тапта Кыргызстанда президенттен тартып, катардагы жумушчуларга чейин жалпы 368 миң адам бюджеттен айлык алат.

Жогорку Кеңеш бүгүн, 6-октябрдагы отурумунда «Министрлер кабинети тууралуу», «»Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация тууралуу» жана «Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу жөнүндө» мыйзам долбоорун 2-окуудан карап жатат.

Депутаттардын суроолоруна мыйзамдын авторлору менен чогуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров жооп берүүдө.

Кыргызстандын жаңы Конституциясы 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган. Президент Садыр Жапаров 5-майда жаңы Конституциянын жоболоруна ылайык “Министрлер кабинети жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон.

Министрлер кабинетинин төрагасы болуп ага чейинки премьер-министр Улукбек Марипов дайындалган.