Лос-Анджелес бийлиги үйүндө кече уюштургандардын суусун жана жарыгын өчүрөт

Лос-Анджелес бийлиги үйүндө кече уюштургандардын суусун жана жарыгын өчүрөт.

Калаа мэри Эрик Гарсетти билдиргендей, түнкү клубдар, барлар жабылгандан бери

үйүндө өткөрүлгөн кечелер кескин көбөйдү. Мындай фактылар катталса тиешелүү

мекемелерге коммуналдык кызматтарды өчүрүү тапшырмасы берилди.

Акыркы маалыматтарга ылайык, Лос-Анджелес жайгашкан Калифорния штаты

коронавируска кабылгандардын саны боюнча АКШда биринчи орунда турат.