Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот

Бүгүн Кыргызстанда иш күнү бир саатка кыска болот. Эмгек министрлигинен эске салышкандай, 23-февраль – майрам күнү болуп, дем алыш жарыяланды. Эмгек кодексине ылайык, ага чейинки иш күнү бир саатка кыскартылат.

 

Кыргызстандыктар ушуну менен дүйшөмбү, 26-февралда жумушка чыгат. Ал эми кийинки жума алты күндүк болот. 2-марттагы ишемби жумуш күнү болот.