Лейлек районундагы Максат каналынын курулушу 80 пайызга аяктады.
Айыл-чарба министрлигинен билдиришкендей, учурда башкы структуранын суу алдындагы
каналдын курулушу аяктоо алдында турат. Канал ишке берилсе 1 миң 800 гектар жаңы
сугат жер өздөштүрүлөт, 7,5 миң гектар аянт суу менен камсыздалат. Каражат өз убагында бөлүнсө,
канал 4 жылдын ичинде салынып бүтөт жана ал 4 этап менен курулат. Алгачкы этабын быйыл
майда бүтүрүү пландалууда. Долбоорду ишке ашыруунун сметалык
баасы 1 миллиард 900 миллион сомду түзөт.