Ленин округундагы кайра шайлоо: талапкерлерди каттоо башталды

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Бишкек шаарындагы бир мандаттуу Ленин округундагы кайра шайлоого катышуу үчүн жалпысынан 4-августка карата 17 адам арыз бергенин билдирди. Анда Аскар Алмаз уулу менен Токтогул Какчакеев тийиштүү документтердин баарын тапшырып, күрөөгө 100 миң сом акча төлөп каттоодон өткөнүн кабарлады.

Арыздарды кабыл алуу 10-августта, ал эми талапкерлерди каттоо 20-августта аяктайт.

БШКнын жумушчу тобу 2-августта ушул округдан депутат болгон, мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган Жаныбек Абировдун кайра шайлоого катышуу арызын четке каккан.

Анда Абиров мандатын тапшырганы үчүн шайлоо өнөктүгү башталганын, ал башкалар шайлануусу үчүн орун бошотуп бергени үчүн кайра шайлоого катышпашы керектиги айтылган.

Абиров быйыл март айында өзү катышкан мушташтан улам мандатын тапшырган.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганын айткан.

Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.

Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир айдын ичинде жаңы шайлоо дайындалат.