Ош шаарында курулуп жаткан жер үстүнөн өтүүчү көпүрөнүн бир бөлүгү урап түштү

Түндө Ош шаарында курулуп жаткан жер үстүнөн жөө адамдар өтүүчү көпүрөнүн бир бөлүгү урап калды. Ал тууралуу видео социалдык тармактарга тарап, мэриянын маалымат кызматы тастыктады.
Билдирүүгө ылайык, арматурадан каркас токуп бүтүп, бетон куюп баштаганда бир жеринен кемчилик кеткен. Мындан улам коюлган опалубкалар урап түшкөн.
Курулушту “Сапат курулуш ЛТД” компаниясы 45 миллион сомго тендерден утуп алган. Мэрия подрядчы баарын калыбына келтирерин айтты.
Ал эми Ош шаардык капиталдык курулуш башкармалыгынын жетекчиси Шумкарбек Пайзиев түшүндүрмө берди.

“Бетон куюп жаткан мезгилде опалубкадан агып түшүп калды. Буга байланыштуу биз арматураны чечип алдык. Бир-эки күндө арматураны башкадан токуйбуз да бетонду кайра куябыз. Бул жерде эч кандай көйгөй жок”, — деген Пайзиев.