Чемпиондор лигасынын жарым финалында “Бавария” “Лион” клубун жеңип алды.
Беттеш 3:0 эсебинде жыйынтыкталды. Мелдештин 18 жана 33-мүнөтүндө Серж Гнабри,
ошондой эле Роберт Левандовски 88-мүнөттө каршылашынын дарбазасына гол киргизди.
Эми 23-августта болчу жыйынтыктоочу оюнда “Бавария” “ПСЖ” менен беттешет.
Эске салсак, буга чейин франциялык команда дагы “РБ Лейпциг” командасын 3:0 эсебинде артта калтырган.