Көк бөрү боюнча президенттин кубогу мелдеши октябрь айына жылдырылды.
Көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков билдиргендей,
турнир Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө арналып 31-августта өтмөк.
Мындай чечим өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу кабыл алынды.
Эске салсак, былтыр Чолпон-Ата шаарында уюштурулган мелдеште
“Достук” командасы “Ынтымак” курамасын 3:2 эсебинде жеңип алган.