Бишкекте кыргыз күрөшү боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинин басма сөз кызматы
билдирди. Агенттиктин маалыматы боюнча, биринчилик 1-2-мартта
спорт ордосунда болот. Мелдешке өлкөдөгү бардык региондордон
балбандар катышат. Алар 7 салмак категориясында күч сынашмакчы.