Акжол Сулайманбек уулу WBA Gold чемпиондук титул үчүн беттешет

Акжол Сулайманбек уулу WBA Gold чемпиондук титул үчүн беттешет.

Кыргызстандык мушкер профессионалдык рингде кезектеги беттешин

7-мартта Россиянын Екатеринбург шаарында өткөрөт. Анда жалпысынан

11 мелдеш уюштурулат, анын ичинде титулдук да бар. Анда кыргызстандык

спортчу менен россиялык Марк Урванов кез келет. Сулайманбек уулу учурда

WBA Asia чемпиону. Ал наамын буга чейин 4 жолу ийгиликтүү коргогон.

Ал эми Марк Урванов былтыр WBO International титулун алган.