Франция, Германия жана Португалиянын курама командалары Европа Чемпионатынын жарым чейрек финалына өттү

Франция, Германия жана Португалиянын курама командалары Европа Чемпионатынын

жарым чейрек финалына өттү. Кечээ Будапештте Франция жана Португалия ойноп,

2:2 эсебинде тең чыкты. Ушундай эле жыйынтык менен Германия жана Венгрия

Мюнхенде өткөн беттешти жыйынтыктады. Венгрия командасы турнирден кетти.

Ал эми Украинанын футбол боюнча курамасы Европа чемпионатынын жарым чейрек

финалына өтүп кетти. Кечээ Испания жана Словакия беттеши 5:0 менен испандыктардын

пайдасына чечилгенден кийин Андрей Шевченконун алдындагы оюнчулар топто 3 орунда

турганына карабастан жолдомо алышты. Украиналыктар финндерди жана словактарды

киргизилген голдор жана өткөрүлгөн топтор боюнча ашып өттү.