Кыргызстандыктар Ысык-Көлдөгү “Тамчы” аэропортунан Россиянын 7 шаарына уча алышат.
«Манас» эл аралык аба майданынан билдиришкендей, каттамдар чартердик рейс аркылуу
уюштурулат. Алсак, дүйшөмбүдөн жекшембиге чейин, бир гана бейшембини эске албаганда
Москва, Санкт-Петербург, Ростов-на-Дону, Минеральные Воды, Уфа, Екатеринбург жана
Новосибирск шаарларына учактар каттайт. Белгилеп кетсек, каттамдарда
өзгөрүүлөр болушу ыктымал, алдын ала тактап алуу сунушталат.