Өлкөдө 1700дөн ашык киши гемодиализ алат

Кыргызстанда ушул тапта 1 783 киши 33 медициналык мекемеде гемодиализ алып жатат. Бул тууралуу 21-июнда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги кабарлады.

 

Кыргызстандагы бөйрөк кемтигинен жабыркагандардын көйгөйү гемодиализ жабдуусуна байланышкан. Өлкөдө трансплантация ишке ашпагандыктан бейтаптар 30-40 миң доллар топтоп, чет өлкөлөргө барып операция жасатууга мажбур болушат.

 

Бөйрөк кемтигинен жабыркагандар бөйрөк аткаруучу функцияны жасалма жол менен аппарат аркылуу жасатып, канын тазалатып турат.