Энергетика жана өнөр-жай министрлиги Кыргызстандан Өзбекстанга дизелдик отунду темир жол аркылуу ташууга уруксат берүүнү сунуштады

Энергетика жана өнөр-жай министрлиги Кыргызстандан Өзбекстанга дизелдик отунду темир жол аркылуу ташууга уруксат берүүнү сунуштады.

 

Ведомстводон билдиришкендей, акыркы убактарда өлкө аймагында дизелдик отундун көлөмү суроо талаптан жогору болуп жатканы жана россиялык күйүүчү материалдын көп болушу байкалууда.

 

Анын сапаты жакшы болгондуктан, жергиликтүү өндүрүштөгү дизелдик отунду сатууда кыйынчылыктар жаралып жатат.

 

Андыктан, аны коңшу Өзбекстанга темир жол аркылуу экспорттоо туура болот, — дешти министрликтен.