Кыргызстанда 6-февралга чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу тоолуу райондордо кар көчкү түшүүcү мүмкүн.
Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Бишкек – Ош унаа жолунун Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы, Мырза-Аке – Кара-Кулжа – Алайкуу унаа жолу, Ала-Бука – Каныш-Кыя унаа жолунун Чапчыма ашуусу жана Красная-Горка – Акташ унаа жолунда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Мындан улам, айдоочулар унаалар ортосундагы 500 метр аралыкты так сакташы керек.