Оштогу Араван – Ак-Буура каналы 17 млн еврого реконструкцияланат

Оштогу Араван – Ак-Буура каналын модернизациялоо жана реконструкциялоого Европа калыбына келтирүү жана өнүктүрүү банкы 17 миллион евро бөлөт.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына ылайык, анын ичинен дээрлик 4 миллон евро кайтарымсыз, калганы насыя болуп саналат.

Кредиттик каражаттар 15 жылга, төрт жылдык жеңилдетилген мөөнөткө жана өзгөрүлмө пайыздык чен менен алынат.

Долбоорду ишке ашыруунун натыйжасында 21 миң гектарга жакын аянтты суу менен камсыздоо жакшырат.