Улуттук банк сентябрь айында 3 ирет валюттук рынокко чыкты.
Башкы каржы мекемеси өлкөдө доллардын кунун кармап туруу үчүн ушул айда
жалпысынан 37 миллион 450 миң доллар сатты. Акыркы интервенция 25-сентябрда жүргүзүлдү.
Учурда доллар 79 сом 50 тыйындан сатылууда. Эске салсак, өткөн жумада америкалык валютанын наркы
80 сомго жакындап калган. Муну менен бир апта аралыгында доллар 60 тыйынга жогорулады.