Коронавируска каршы күрөш үчүн элден түшкөн каражат медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөөгө сарпталды

Коронавируска каршы күрөш үчүн элден түшкөн каражат медицина кызматкерлерине кошумча

акы төлөөгө сарпталды. Каржы министри Бактыгүл Жээнбаеванын айтымында Саламаттыкты

сактоо министрлигине кошумча 391 миллион сом берилди. Анын ичинен 91 миллион сом вирустун

очогунда иштеген медицина кызматкерлерине кошумча акы төлөп берүүгө жумшалды.

300 миллион сом коргонуу костюмдарын жана каражаттарды сатып алууга сарпталат.

Мындан тышкары 50 миллион сом кычкылтек концентраторлорун жана

пульс өлчөөчү жабдууларды сатып алууга бөлүнгөн.