Өлкөнүн айрым аймактарында өзгөчө абал режими 30-апрелге чейин узартылышы мүмкүн.
Бул тууралуу вице-премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Анын айтымында, Республикалык штабдын тиешелүү сунуштамасы президентке жолдонду.
Чиновник белгилегендей, бул Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны көбөйүп жатканына айланыштуу.
Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, Ноокат, Сузак жана кара-Суу райондорунда киргизилген өзгөчө абал эртең 15-апрелде аяктайт.