Чүй облусунун бардык райондорундагы калктын аярлуу катмарына жардам берилди.
Бул тууралуу өкмөттүн Чүй облусундагы ѳкүлчүлүгү “Акипресске” билдирет.
Маалым болгондой, Кемин, Ысык-Ата, Аламүдүн, Сокулук, Москва, Жайыл,
Панфилов, Чүй райондорундагы жана Токмок шаарындагы 4,5 миң үй-бүлөгө
азык-түлүк жана акчалай жардам көрсөтүлдү. Мындан тышкары 9 миңге жакын бет кап,
антисептикалык каражаттар таратылды. Учурдагы абалга байланыштуу жардам берүү уланууда.