Ош шаарына «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабынын алкагында
35 кесилиште камералар пайда болот. Түштүк калаа мэриясынын билдиришкендей,
бүгүнкү күндө 10 кесилиште монтаждоо иштери аяктады. Шамшиев – Масалиев
көчөлөр кесилишиндеги жолду калыбына келтирүү иштери аткарылды. Эми калган
казылган жерлер жакынкы арада бүтүп, кийинки көчөлөргө камера
орнотуу, чубалгыларды мантаждоо иштери башталат.