“Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси президенттик администрациянын карамагына өттү

“Манас айылы” маданий-этнографиялык комплекси президенттик администрациянын карамагына өттү.

Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, мындай чечим комплексти калыбына келтирүү жана жаңы этномаданий объектилерди куруу максатында кабыл алынды.

Министрлер кабинети президенттин иш башкармалыгына комплексти оңдоо, физикалык жактан эскирген объектилерди бузуп, жаңыларын курууну тапшырды.

Каржы министрлиги бул максаттарга каражат бөлүүгө тийиш.