Каракол-Эңилчек унаа жолу ачылды.
Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, жеринде 7 техника иш алып барып, учурда Чоң-Ашуу ашуусу ачылды.
Тазалоо иштери уланууда.
Эске салсак, 29-майда нөшөрлөп жааган жаан карга айланып, Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы жолдор жабылып калган.
Аймакта кар кѳчкү түшүү коркунучу сакталууда.