Аба-ырайына байланыштуу айдоочуларга алыскы сапарга чыкпай туруу сунушталат

Кыргызстанда күтүлүп жаткан аномалдуу ысыкка байланыштуу Жол кайгуул кызматы айдоочуларга алыскы сапарга чыкпай турууну сунуштайт.

Ысыкта айдоочулар бат чарчап, ою чачыранды болуп, реакциясы кыйла начарлайт.

Ведомстводогулар мунун баары кырсыктын ыктымалдуулугун жогорулатат, деп эскертет.

Буга чейин маалымдалгандай, 27-июндан 30-июнга чейин Кыргызстанда 40 градуска чейин ысык болушу күтүлөт.